БШК: добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековКонституция Кыргызской Республики
Конституция Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова референдумга 1 млн. 190 миң 855 шайлоочу келгендигин белгиледи.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 11-декабрь күнү өткөн референдумда шайлоочулардын 948 миң 185и Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын отурумунда билдирди.

Референдумдун жыйынтыктарын саноо - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 18 шайлоо участкасынын референдум боюнча жыйынтыгы жокко чыгарылды
Белгилей кетсек, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп, ага 2 миллион 852 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу. Жыйынтыгында референдумга 1 миллион 190 миң 855 киши добуш берсе, 57 427 бюллетень жараксыз деп табылган.

Шайлдабекованын айтымында, референдумга 185 140 шайлоочу "каршы" деген добуш берди.

Пайыздык көрсөткүч менен алганда добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду.

Белгилей кетсек, БШК 18 шайлоо участкасындагы жыйынтыкты жокко чыгарган.

Ал акыркы чечим президент менен ЖКга жөнөтүлө тургандыгын айтты.

Баш мыйзамда эмнелер өзгөрүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0