Кыргызстанда чет элдиктерди каттоо онлайн түрүндө болот

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАэропоттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропоттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда чет элдиктерди каттоо онлайн түрүндө боло турган схеманы даярдап жатат.

БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында түзүлгөн "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Кыргызстанга келген чет элдиктер интернеттен эле каттоодон өтүп ала турган долбоорду даярдап жатат. Бул туурасында Калкты жана жарандык абалды каттоо боюнча департаментинин директору Махабат Пратова айтып берди. 

Анын маалыматына караганда, адистер аталган долбоорду 15-январда иштеп чыгып бүтөт. Ушул эле күнү Кыргызстанга келген чет элдиктер токтогон мейманканадан интернет аркылуу каттоодон өтүп ала турган схема иштей баштайт. 

"Чет элдиктердин беш күн ичинде каттодон өтүшүн жокко чыгарган токтомдо жашы жете электерди каттоо каралган. Башка жактан бизге балдары менен кошо келип, өздөрү артка кайтып, балдарын дагы бир нече убакытка чейин туугандарыныкында эс алууга таштап кеткен учурлар кездешет. Мында жашы жете элек баланы алып калган туугандарынын бири каттоого тургузуп коюшу зарыл", — деди Пратова. 

Лыжная база ЗИЛ - Sputnik Кыргызстан
Туроператорлор: казак туристтери каттоого туруу талабынан улам КРге келбей калышты
Директор мындан сырткары ведомство аралык маалыматтык система ачылаарын билдирип, анда Кыргызстанга киргендер, катталгандар жана чыгып кеткени туурасында бирдиктүү маалымат топтому түзүлөрүн айтты. 

Октябрь айында Жогорку Кеңеш тышкы миграция боюнча мыйзамга түзөтүү киргизип, ал 5-ноябрда күчүнө кирген. Аталган документ Кыргызстанда беш күндөн ашык турган чет элдиктерди каттоодон өтүүгө мажбурлайт. Бул туризм менен алектенип жүргөн ишкерлердин жана коомчулуктун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жараткан. Министрлер кабинети тиешелүү токтомдун негизинде 20-декабрда 92 өлкөнүн жарандарына 5 күндүн ичинде каттоону жокко чыгарды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0