Кыргызстанда такси кызматын колдонгондор көбөйдү

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүПавелецкий вокзал
Павелецкий вокзал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын январь-октябрына салыштырмалуу быйыл такси кызматын колдонгондордун саны 2 миллионго өскөн.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар такси кызматын көп колдоно баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин январь-октябрь айларына карата чыгарган маалыматында айтылат.

Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Мусабекова: таксисттердин көбү — соттолгондор
Бир жылда кардарлардын саны 2 миллионго көбөйүп, жалпысынан 22,2 миллионду түзгөн.

Ал эми темир жолду колдонгондор азайган (240,5 миң), ошондой эле учак жүргүнчүлөрүнүн саны да 905 миңден 121 миңге чейин кыскарган.

Ал эми автобус менен жүргөндөр 429 миллиондон 504 миллионго чейин көбөйсө, троллейбуска түшкөндөр 1,9 миллион кишиден 2,2 миллионго чейин чыккан.

Кыргызстандын аймактарына баруу канча турарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0