БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Эртең жана бүрсүгүнү, тагыраагы 20-21-декабрда Кыргызстан аймагы боюнча жаан-чачын дээрлик күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
Бишкек шаарында 20-декабрда 3 градус суук, ал эми 21-декабрда —1 сууктан аба + 1 градуска чейин көтөрүлөт.
20-декабрда Ош шаарында 1 градус болсо, ал эми эртеси 2…4 градуска жылыйт.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүлөр жаралат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.