ЖККУнун эки макулдашуусу ратификацияланды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУчения стран ОДКБ "Рубеж-2016"
Учения стран ОДКБ Рубеж-2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ратификация темир жолдун техникалык тейлөөсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана аскердик жүк ташуу жаатында ЖККУ өлкөлөрүнүн кызматташуусу боюнча укуктук база түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ өлкөлөрүнүн ортосундагы эки макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иран Кыргызстан аркылуу өтчү беш тараптуу темир жолдун салынышына кызыкдар
Документ ЖККУ мамлекеттеринин аскердик жүк ташуу жаатындагы кызматташуунун шарттайт. 

Макулдашуунун максаты темир жолдун техникалык тейлөөсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана аскердик жүк ташуу жаатында ЖККУ өлкөлөрүнүн кызматташуусу боюнча эл аралык принциптерге негизделген укуктук база түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

Мындан тышкары, темир жолдун техникалык тейлөөсүнүн бирдиктүү системасын түзүү боюнча макулдашуунун мөөнөтүн узартуу тууралуу протокол да ратификацияланды. 

Мыйзамдар расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аталган документ президенттин расмий сайтына жума күнү жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0