06:44 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Нарындагы жашоочу суу ташып баратканда. Архивдик сүрөт

Дүйнөлүк банк элет жерин таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
37 0 0

Жогорку Кенештин КСДП фракциясы КР өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк банк элет жергесин суу менен камсыз кылуу үчүн 12,92 миллион доллар насыя жана 10,58 миллион доллар грант түрүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу КРдин Жогорку Кеңешинин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы көлөмү 28 миллион долларды түзөт. Анда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 23,5 миллион доллар жана КР өкмөтүнүн кошо каржылоосу 4,5 миллион доллар болмокчу.

"Насыя 38 жылга, анын ичинде 0,75 коюму менен алты жылга жеңилдетилген мезгилге берилет. Долбоор Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тандалган айылдарындагы иш-чараларды ишке ашырууга багытталат", — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы белгилегендей, элет жерин суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Ошондон улам 2026-жылга чейинки стратегия кабыл алынган. Ага ылайык, 425 айылында 8 миллиард 882 миллион сомдук суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо 4 миллиард 48 миллион сомдук саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын түзүү иштери аткарылууга тийиш.

Тема боюнча

Келерки жылы калкты таза суу менен камсыздоого 200 млн. сом бөлүнөт
Бишкектин борборунда таза суу берүү токтотулат
Белгилер:
элет, насыя, грант, Суу, дүйнөлүк банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ