Статистика: түгөйүн таппай жалгыз калган КР жарандарынын саны аныкталды

© Sputnik / Александр Гребешков / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөнгөндөр менен ажырашкандардын саны дагы аз эмес. Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча өлкөдө үлпөт тойлор көп өтө баштаган.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитети түгөйүн таппай калган кыргыз жарандарынын санын аныктады.

Кыргызстандык Уларбек Бакырдиновдун жубайы Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: кыргыз тилин үйрөнөөрүм менен "Манасты" окуп чыгам
Ведомствонун маалыматына караганда, республика аймагында түгөйсүз жашагандардын саны өтө деле көп эмес. 50 жаштан ашкан эркектердин 1,2 жана аялдардын 1,5 пайызы гана эч качан никеге турган эмес.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча өлкөдө үлпөт тойлор көп өтө баштаган. Акыркы 15 жылдын ичинде никеге тургандардын саны 2,2 эсеге өскөн. Жыл сайын ар бир миң кыргызстандыкка сегиз нике туура келет.

Анткен менен ажырышкандардын саны дагы арбын: 2000-жылдан тарта КР аймагында ажырашкандардын саны бир жарым эсеге көбөйгөн. Жыл сайын эки миң жубайдын үчөө ажырашат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0