07:38 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Бишкектеги шайлоочулар

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү деп таанылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
45210

Референдумга 2 миллион 821 миң киши добуш берүүгө укуктуу. Саат 17.00гө алынган маалымат боюнча добуш бергендердин пайыздык катышы 30 пайыздан ашкан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстандын баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү деп таанылды. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 30 пайызы келсе референдум өттү деп эсептелет.

Борбордук шайлоо комитетинин расмий сайтындагы маалымат боюнча референдумга добуш бергендердин пайыздык катышы 30,41 пайызды түздү. Референдумга 2 миллион 821 миңден киши добуш берүүгө укуктуу. 

Эске салсак, бүгүн Кыргызстан боюнча 22 шаар жана 389 айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүүдө.

Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)

Тема боюнча

Расул Кадыров: шайлоо участкасы самсаканада эмес, кафеде ачылган
Саат 16:00гө карата референдум үчүн шайлоочулардын 28,1 пайызы добуш берди
Шайлоо жана Өзбекстан менен болгон мамиле: Атамбаевдин маалымат жыйында айткандары
Белгилер:
референдум, БШК, Кыргызстан