07:38 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Шайлоочу. Архивдик сүрөт

Саат 16:00гө карата референдум үчүн шайлоочулардын 28,1 пайызы добуш берди

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
40 0 0

Кыргызстан боюнча 22 шаар жана 389 айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө. Шайлоого жалпысынан 2 миллион 350 миң жаран катышууга укуктуу. Ал эми негизги мыйзамга өзгөртүү боюнча 2 миллион 825 миң адам добуш бере алат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Саат 16:00гө карата алынган маалыматтар боюнча референдум үчүн шайлоочулардын 28,1 пайызы же 802 миң 790 киши добуш бергенин биринчи вице-премьер-министр жана референдум боюнча республикалык штабдын башчысы Мухамметкалый Абулгазиев өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйында билдирди.

Чет жактагы элчиликтер менен консулдуктарда жалпысынан 618 киши добуш берген.

Андан сырткары жергиликтүү кеңештердеги шайлоого өз добуштарын 674 миң 47 киши же 29,1 пайызы берген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев учурда иштебей жаткан бир дагы шайлоо участкасы жок экенин айтты.

Белиглей кетсек, Сарпашев кээ бир шайлоо участкаларында урналар иштебей калган учурлар болгонун айткан эле.

Кыргызстан боюнча 22 шаар жана 389 айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө. Шайлоого жалпысынан 2 миллион 350 миң жаран катышууга укуктуу. Ал эми негизги мыйзамга өзгөртүү боюнча 2 миллион 825 миң адам добуш бере алат.

Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)

Тема боюнча

Аймактардагы добуш берүү — жаңы урналар иштебей, эскилери колдонулуп жатат
Референдум: Кореядагы кыргыздарга дасторкон жайылса, Түркиядагыларга автобус жалданды
Чет жактагы элчиликтерде дагы референдумга добуш берүү жүрүүдө
Белгилер:
референдум, Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, Мухамметкалый Абулгазиев, Тайырбек Сарпашев