Аймактардагы добуш берүү — жаңы урналар иштебей, эскилери колдонулуп жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в селе Арашан
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттарды шайлоо Кыргызстан боюнча 22 шаар жана 389 айылда өтүүдө. Шайлоого жалпысынан 2 миллион 350 миң жаран катышууга укуктуу. Ал эми негизги мыйзамга өзгөртүү боюнча 2 миллион 825 миң адам добуш бере алат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын шайлоочулары
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын шайлоочулары

Ош шаары

Ош шаарында саат 13:00гө карата шайлоочулардын 14 пайызы добуш берди бул тууралуу БШКнын Ош облусу боюнча өкүлү Расулбек Кадыров аймактык кабарчыга билдирди. 

"13:00гө карата Ош шаарында 18 903 жаран добуш берди. Ош шаарында жалпы 73 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Эртең менен айрым шайлоо тилкелеринде аппараттар иштебей калган. Адистер ал тилкелерге барып аппараттарды оңдоду азыр иштеп жатат. Учурда аппарат иштебей калган тилкелер жок", — деди ал.

Түшкө маал шайлоо тилкелериндеги жарандардын санынын аздыгын Кадыров шайлоочулар эртең менен өз жумуштарын бүтүрүп жүргөнү менен түшүндүрүп, түштөн кийин активдешет деген үмүттө турганын билдирди.

Ош шаарында жалпы 132 миң 694 шайлоочу бар. 

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абад шаарындагы 2100-участкасы
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарындагы 2100-участкасы

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарындагы 2100-участкасында шайлоочулар бир сааттан бери кезекте турганын аймактык кабарчы билдирди. Элдин чогулуп калышына компьютерлер жана аппараттардын иштебей жатканы себеп болгонун адистер айтышууда. 

Ал эми шаардагы 2104-участкасында электорндук урналар иштебей, эски урналар иштетилип жүздөгөн адамдар кезекте турат. №2101-участкасында да эски урналар иштетилди. 

"Электрондук урнанын флешкасы бузулуп калып жарандар шайлоого катышпастан үйлөрүнө кайта баштагандыктан шайлоо комиссиясы чечим чыгарып эски урнаны иштетүүгө уруксат берген. Аталган жайда 1654 шайлоочу болсо таңкы 8:00дөн баштап түшкү саат 12:30 чейин болгону 185 шайлоочу өз укугун пайдалана алышты. Мындай иштин солгундоосу техникалык катачылыктан болгонун адистер белгилешүүдө", — деди аймактык кабарчы.

Ал эми түшкү саат 12:00гө алынган маалыматка ылайык Жалал-Абадда 57768 жаран добуш берген. Мындай маалыматты КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Белгилей кетсек, облус боюнча шайлоочулардын жалпы саны 474 миңди түзөт. 

© Фото / Эльмира СуютбековаТаластагы 6107-участкасы
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Таластагы 6107-участкасы

Талас шаары

Таласта 116 шайлоо участкасы бар. Анын 110 участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Калган 6 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке шайлоо май айында өткөн. Облус боюнча референдумга 130025 шайлоочу катышат. Саат 13:00гө алынган маалымат боюнча 28069 шайлоочу добуш берди. 

© © SputnikБалыкчы шаарындагы 3008-участкасы
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы шаарындагы 3008-участкасы

Балыкчы шаары

Балыкчы шаарында саат 2:00гө чейин, 4377 адам Референдумга добуш бергенин аймактык кабарчы билдирди.

Балыкчы шаарындагы 16 шайлоо участогунда Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү үчүн добуш берүү уланып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Голосование на референдум в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Референдум: Кореядагы кыргыздарга дасторкон жайылса, Түркиядагыларга автобус жалданды
"Балыкчы шаарында 46000 калк жашаса, анын ичинен шайлоого катыша турган адамдардын саны 24378 адамды түзөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаарындагы өкүлү Капар Акматбек уулунун билдирүүсүндө, саат 2:00гө чейин, шаар боюнча 4377 адам добуш берди. Ал эми 18ге толуп биринчи жолу шайлоого катыша турган жарандардын саны 4411. 18 жашка толуп, биринчи жолу добуш берүүгө келген жарандарга БШКнын өкүлчүлүгү тарабынан "Ыраазычылык баракчалары берилип жатат", — деди кабарчы.

3008-шайлоо участкасынын төрайымы Венера Айтиеванын айтымында, бул шайлоо участкасында 2876 шайлоочу добуш берет. Саат 13:00гө чейин 400 адам добуш берип, көчмө урна менен 1 адам добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0