Кыргызстанда терроризмге каршы мамлекеттик программа иштелип чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековУчения отряда специального назначения "Омега" и сводного отряда ГСИН
Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программанын негизги максаты коомдогу диний экстремизмди алдын алуу, тактап айтканда, таасири күчтүү деп эсептелген жаштар арасындагы иш алып барууга өзгөчө көңүл буруу.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстанда терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгарын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Аскердик курал-жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Террорчулук коркунучунан улам Кыргызстан чек арасын бекемдеп жатат
Бул тема боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өзгөчө көңүлдү коомдогу диний экстремизмдин алдын алууга, тактап айтканда, таасири күчтүү деп эсептелген жаштар арасындагы иш алып барууга буруу зарылдыгы айтылды.

Разаков мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн жогорулатуу, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экстремисттик, террордук ишмердүүлүк фактыларына бөгөт коюу деңгээлин жогорулатуу зарыл экендигин белгиледи.

Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлүп, аны Разаков жетектемей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0