Кыргызгидромет: эртең көпчүлүк аймактарда кар аралаш жаан жаайт

Жазылуу
Батыштан сокон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эртең, 4-декабрда көпчүлүк аймактарда кар аралаш жаан жаай тургандыгын Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок, тайгак болот. 

"Ош, Бишкек шаарларында 12-13 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Батыштан сокон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0