БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин алдындагы Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы жоюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун токтомуна ылайык, аталган кызмат Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Финансы полициясына өткөрүп берилди.
Баңгизатка каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал эки ай ичинде кызматтын функцияларын аталган министрликтерге өткөрүп бериши керек.
Ага чейин аталган кызмат ишин уланта берет. Кызматты жоюу мамлекеттик кызматтар арасында реформа жүргүзүү аракетинин улам жасалууда.