БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чек ара кызматынын бардык бөлүктөрүндө кышкы окуулар башталды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.
Анын алкагында өлкө аймагындагы чек ара бөлүктөрүндө 2017-жылдын жарым жылдыгында карата алдыга коюлган милдеттер, маселелер такталат.
Иш-чаранын башталышында Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы полковник Мирбек Касымкулов аскердик даярдыкты жогорулатуу зарылчылыгын баса белгиледи.
"Алдыга коюлган милдеттерди аткарып жатып ар бирибиз кесипкөйлүгүбүздү арттырууга, аскердик тартипти бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Андан сырткары, коррупциялык иш-аракеттерге каршы турушубуз керек", — деди ал.
Аскер бөлүктөрүнүн кышкы даярдыгын текшерүү 1-декабардан 3-декабрга чейин уланат. Анын алкагында чек арачылардын кыш мезгилинде аткара турган иштери талкууланат.