Декабрь айына карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековКарда ойноп жаткан үй бүлө. Архив
Карда ойноп жаткан үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Декабрь айында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нормадан төмөнүрөөк болоорун Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй жана Талас облустарында абанын орточо температурасы тоолуу аймактарда 0…-3 градус суукка чейин жетип, түнкүсүн —17…-22 градустан —3…-8 градуска чейин суук болсо, күндүз —2…-7 градус сууктан 3…8 градуска чейин жылыйт.

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көккө жеткен көмүрдүн баасы: Баткенде тоннасы 9 миң болсо, Ошто 12 миңге чыкты
Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын орточо температурасы нормадан 1…2 градуска жылуу болуп, түнкүсүн —3 градус сууктан 2 градуска чейин жылый турган болсо, күндүзү 0…5 градустан 7…12 градуска чейин жылыйт.

Баткен облусунун алыскы райондорунда абанын температурасы 1…2 градус жылуу болуп, түнкүсүн —3… 2 градуc жылуудан —4…-9 градуска чейин суук болот. Ал эми күндүз 7…12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. 

Ысык-Көлдө абанын орточо температурасы нормадан —1…-3 градус суук болот. Чыгыш тарабында абанын температурасы —15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Күндүзү 0…-5 градус суук жана 2…7 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми тоолуу Нарын облусунда абанын орточо температурасы —8…-13 градуска чейин суук болот. Түнкүсүн —11…-16 градустан —20…-25 градуска чейин төмөндөп, күндүз —1…-6 градустан —7 градустан —12 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0