Депутаттар тамекинин баасын кымбаттатууну сунуштап жатат

© SputnikСтолдун үстүндөгү тамеки. Архив
Столдун үстүндөгү тамеки. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер-жерлердеги жаш балдарга жеткиликтүү 20-30 сомдук тамекилерди депутаттар жок дегенде 40 же 45 сомдон жогорулатууну сунушташууда.

БИШКЕК, 30-ноя.—Sputnik. Парламент депутаттары өкмөткө тамекинин баасын кымбаттатууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга демилгечилердин бири Дастан Бекешев билдирди. 

"Тамекинин баасын кымбаттатууну сунуштаганыбыздын негизги максаты – өспүрүмдөрдү чылым чегүүдөн алыстатуу. Азыр жер-жерлерде жаш балдарга жеткиликтүү 20-30 сомдук тамекилер бар. Биз эң арзан тамеки жок дегенде 40 же 45 сомдон жогору болсун деп айтып жатабыз. Бул боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр болуп жатат",— дейт депутат. 

Эл өкүлү чылымдын баасынын көтөрүлүшү бюджетке дагы салым болорун айтты. "Эң арзан тамеки 40 сом болсо, бери дегенде бюджетке кошумча 196 млн сом түшөт", — деди ал

Ошондой эле депутаттар кафе, ресторан, бар сыяктуу тамак берилчү жайларда тамеки тартууга чектөө коюуну сунуштоодо. 

Жаңылыктар түрмөгү
0