Кыргызстанда допингге каршы комиссия түзүлөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДопинг аныктоо анализи. Архив
Допинг аныктоо анализи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы Кыргызстанды допинг чырына байланыштуу эки окуя силкинтип койду. Бири грем-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеевден Олимпиада жолдомосунун алып салынышы, экинчиси – Иззат Артыковдун олимпиадалык коло медалдан кол жуушу.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Допингге каршы улуттук комиссиянын түзүлүшү боюнча чечим кабыл алынды. Бул боюнча Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кабарлады.

Бишкекте Борбор Азиялык допингге каршы күрөшүү уюмунун (RADOCA) директорлор кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Ага Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Перу, Канада жана Япониядан келген өкүлдөр катышты.

"Бир аз мурда эле биздин агенттик допингге каршы комиссия түзүүнү чечкен. Бүткүл дүйнөлүк антидопингдик агенттиктин (ВАДА) спорттун тазалыгына багытталган иш-чараларын толугу менен колдойбуз. Андыктан бүгүнкү регионалдык допингге каршы форумдун өткөрүлүшү бизге туура келип турат. Биз өз суроолорубузга профессионалдык жооп алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аталган форумдан максималдуу пайда көрүп, ал биздин комиссиянын ишине көмөк болот деп ишенем", — деди Аманкулов. 

25-26-ноябрь күндөрү спорт ордосунда Борбор Азиялык допингге каршы күрөшүү уюмунун (RADOCA) директорлор кеңешинин өкүлдөрү Кыргызстандын машыктуучуларына жана спортчулары үчүн семинар өтүшөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0