Бишкек шаардык кеңешке катыша турган партиялардын теледебатка чыгуу тартиби

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Алмазбека Атамбаева
Пресс-конференция Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 11-декабрда өтөт. 45 мандат үчүн борбордук парламенттен 14 партия ат салышат. Теледебаттар КТРКда беш күндун ичинде өткөрүлөт.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялардын теледебаттарынын тартибин айтып берди.

Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) түз эфиринде беш дебат өтөт. Ар бири 1 саат 20 мүнөткө созулат.

Тартиби:

  • 28-ноябрь саат 22.10: "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы", "Демократ" жана "Таза Кыргызстан";
  • 29-ноябрь саат 22.10: "Актив", "Мекеним Кыргызстан" жана "Улуу Кыргызстан";
  • 30-ноябрь саат 22.10: "КСДП", "Кыргызстан" жана "Аалам";
  • 1-декабрь саат 22:10: "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан коммунисттер партиясы" жана "Республика —Ата-Журт";
  • 2-декабрь саат 22:10: "Кыргызстан жашылдар партиясы" жана "Жаңы Доор".

Шайлоо 11-декабрда өтөт. 45 мандат үчүн Бишкек шаардык кеңешке 14 партия ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0