Рейтинг: Кыргызстан туристтер үчүн кооптуу

© Sputnik / Табылды КадырбековТоодогу кыргызстандын желеги. Архив
Тоодогу кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азиядагы коопсуз мамлекеттердин катарын Казакстан мамлекети толуктаса, дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө делип Норвегия, Швеция, Финляндия, Исландия жана Дания аталды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. International SOS жана Control Risks эл аралык компаниясынын изилдөөчүлөрү 2017-жылдагы туристтерге коркунучтуу делген өлкөлөрдүн рейтингин жарыялаган.

Борбор Азиядагы кооптуу делген өлкөлөрдүн ичине Кыргызстан Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери кирген.

Белогор шаркыратмасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы Кыргызстанга саякаттоонун 10 себебин жазды
Адистер Кыргызстанда туристтер үчүн медициналык жардам жеткиликтүү экенин белгилеп, бирок сапаттуу дары-дармек сатып алуу коркунучу бар экенин такташкан.

Мындан сырткары түзүүчүлөр өлкөдөгү саясий кырдаал, митинг, каршылык акциясы, дин маселесин да эске алган.

Ал эми Борбор Азиядагы коопсуз мамлекеттердин катарын Казакстан мамлекети толуктаса, дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө делип Норвегия, Швеция, Финляндия, Исландия жана Дания аталды.

Кооптуу мамлекеттердин рейтинги Терроризм, согуш, кылмыштуулуктун жалпы көрсөткүчү, ошондой эле өлкөдөгү табигый кырсык, күч түзүмдөрүнүн жана тез жардамдын эффективдүүлүгү, унаа ишенимдүүлүгү өңдүү критерийлер аркылуу түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0