Кыргызгидромет: тоо этектерине кар жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Эртең Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, ал карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Кыш менен кошо Ак-Талаага келген көмүр көйгөйү: эми эл эмне болот?
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 

Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар жаайт.

Бишкек шаарында күндүз 16 градус болсо, Ош шаарында 17 градус жылуу болот. Таласта — 18, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 19 градус жылуу болот. Абанын температурасы Нарын менен Ысык-Көлдө 13 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0