Түрмөдөгү үч миңден ашык киши мунапыс менен абактан чыкты

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүДом ребенка в женской исправительной колония № 5 ГУФСИН России по Челябинской области
Дом ребенка в женской исправительной колония № 5 ГУФСИН России по Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунапыс тууралуу мыйзам 9-августтан 9-ноябрга чейин үч ай ичинде аткарылган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс менен өлкөнүн абактарында, түзөтүү колонияларында, турак колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1277 киши бошотулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК: террорист жана экстремисттерге мунапыс колдонулбайт
Ошондой эле 104 киши жаза өтөөдөн бошотулса, абактан же камалган жерден качып кеткен 10 киши да эркиндикке чыкты. Соттолгон 1163 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды. Андан сырткары учетто турган 927 кишиге да мунапыс жарыяланды.

Буга чейин маалымдалгандай Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматы боюнча, бардыгы болуп 3374 жаран эркиндикке чыкмак. 

Ал эми учурда ЖАМК мекемелеринде 10 235 адам болсо, анын 7 999у — соттолгон, 2 236ы — айыпталып жана соттолуп жаткандар.

Мунапыс тууралуу мыйзам 9-августтан 9-ноябрга чейин үч ай ичинде аткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0