Жума күнү өлкөдө күн ачык болот

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Эртең, 11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. 

Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 13-17 градуска жетет. 

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаап, Баткен, Жалал-Абад аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0