Кагаз эсеп-фактурасы 7-ноябрдан баштап жокко чыгарылат

CC BY-SA 2.0 / Ken Teegardin / Balancing The AccountКалькулятор жана эсеп кагаз. Архив
Калькулятор жана эсеп кагаз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы бул жаңы демилге салык төлөөчүлөрдүн убактысын, ал эми фискалдык органдардын бюджеттеги каражатын үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин айтты.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрынан баштап эсеп-фактуралардын кагаз бланктары жокко чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Анын ордуна салык төлөөчүлөргө кошумча нарк салыгынын эсеп-фактурасы жана сериясы берилет.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиев маалымдагандай, жаңы механизм кагаз бланктарынан баш тартып, электрондук каттоого мүмкүнчүлүк берет.

Мамонтовский таможенный пост Щелковской таможни - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнтөн тарта Кыргызстанга импорттолгон товарларга коштомо кагаз талап кылынат
Бул эреже ушул жылдын 12-августунда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык иштеп баштайт.

Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын номери жана сериясы салык төлөөчүгө анын арызынын негизинде фискалдык орган тарабынан берилет. Ошондой эле салык төлөөчү колундагы кагаз эсеп-фактураларын 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдоно алат. 

Учурда аталган долбоор өкмөтүнүн кароосунда турат. 

Жаңы демилге салык төлөөчүлөрдүн жана салык органдарынын убакыт жана материалдык чыгымдарын кыскартат. Мындан тышкары, эсеп-фактура үчүн кеткен кагаз бланктарын даярдоого жумшалчу бюджеттик каражаттар үнөмдөлөт. Бул иш үчүн жылына 3,8 миллион сомдун тегерегинде акча сарпталчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0