Террорчулук коркунучунан улам Кыргызстан чек арасын бекемдеп жатат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАскердик курал-жарактар. Архив
Аскердик курал-жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандын чек арасын бекемдөө боюнча аракеттерди көрүүдө — көзөмөл өткөрүү жайларынын өздүк курамынын саны кеңейтилди. Алыскы тоолуу райондордо чалгын-издөө иштери жүргүзүлүп, татаал аймактарга кошумча блокпосттор коюлду.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев мекеменин коллегиялык жыйынында чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө буйрук берди.

Ал акыркы кезде эл аралык террористтик жана диний уюмдардын активдүүлүгү күчөп жатканын белгиледи. Мындай көрүнүш Жакынкы Чыгыш менен Афганистанда көбүрөөк байкалат.

"Дал ушул себептен чек арачылардын алдында экстремизмди жайылтуу үчүн өлкөгө кирүүгө аракет кылган күчтөрдү жана азгырылып башка өлкөгө чыгып кетип жаткан жарандарды аныктоо милдети турат. Ушул багытта, өзгөчө өткөрүү жайларындагы көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылам", — деди Алимбаев.

Анын айтымында, өткөрүү пункттарындагы өздүк курамдын санын кеңейтүү, чек ара заставаларында көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар көрүлгөн. Алыскы тоолуу райондордо чалгын-издөө иштери жүргүзүлүп, татаал аймактарга кошумча блокпосттор коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0