Башкы прокуратура Европа Кеңеши менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики
Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү жаатында Европа Кеңеши менен акыркы эки жылдан бери бир топ долбоорлор жасалып келет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында Башкы прокуратура кызматкерлери менен Европа Кеңешинин өкүлдөрү "Кыргыз республикасында коррупция каршы туруу" аталышындагы долбоорду ишке ашыруу үчүн жыйын курду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди.

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан укук рейтингинде Россия менен Түркиядан озуп кетти
Иш-чарага Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова, Европа Кеңешинин эксперттери, өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Аталган долбоорго ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жаатында Европа Кеңеши менен биргеликте иш алып баруу, пара тууралуу маалымат берүү функцияларын жакшыртуу жана бир топ жаңы механизмдер каралган.

Кыргызстан Европа Кеңеши менен акыркы эки жылдан бери кызматташып, коррупцияга каршы туруу жаатында бир топ долбоорду жүзөгө ашырып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0