ИИМ: 9 ай ичинде 55 милиционер кызматтан алынган

Жазылуу
Жалпы жарандардан эки миңге чукул арыз түшүп, алардын 212 фактысы аныкталган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Ички иштер министрлигинде иштеген 55 кызматкер жумуштан алынган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Ички иштер министрлиги пара менен шугулданган кызматкерлер дароо жумуштан ыргый тургандыгын эскертет. 

"Тогуз ай ичинде милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданган 1 840 кайрылуу келип түшкөн. Аларды тергөө учурунда 212 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 1 330 кызматтык териштирүү болгон. Жыйынтыгында 55 кызматкер жумуштан айдалып, 74ү бошотулган", — деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырткары, 1 318 кызматкер жазага тартылып, тергөөгө 693 материал жөнөтүлгөн. Алардын иченен 81 кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0