КРде биринчи жолу санарипке өткөрүү борбору ачылат

© Фото / пресс-служба ГРС КРМамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө биринчи жолу Санарипке өткөрүү борборун ачууда
Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө биринчи жолу Санарипке өткөрүү борборун ачууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санарипке өткөрүү борборунун негизги максаты миллиондогон кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү болуп саналат. Бул иштердин жыйынтыгы менен мамлекеттик кызматтарды электрондук режимде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө биринчи жолу Санарипке өткөрүү борборун ачууда. Ал жакта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөрүн аталган кызматтан маалымдашты.

Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашев жарандыгы жана документи жокторду азайтуу боюнча долбоордун жыйынтыгы тууралуу билдирип, БУУнун качкындар боюнча агенттигинин жасаган иши боюнча маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле каттоо кызматынын адистеринин тапшырыгы менен жасалган фото-сканердин прототибин көрсөттү.

"Мындай фото-сканерден миңди алууну пландап жатабыз. Мындай жабдуунун баасы 10 доллардан ашпайт. Санарипке өткөрүү борбору кийинки жылдын биринчи жарымынан тарта ишке кирет. Бул борбордогу кызматкерлердин 30 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болот", — деди Сарпашев.

Сыналгынын пультун кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аналогдук телеберүү кийинки жылдын май айынан тарта өчүрүлөт
Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттиги өлкөдө чакан топ түзүп, алар жарандыгы жана документи жок кишилерди аныктаганын маалымдады. "Долбоор жыйынтыкталганда атайын техникалар Мамкаттоого берилди. Бул техниканын жарымы Жарандарды каттоо департаментине берилет. Калган техникалар Санарипке өткөрүү борборун түзүүдө колдонулат", — дейт Сарпашев.

Санарипке өткөрүү борборунун негизги максаты миллиондогон кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү болуп саналат. Бул иштердин жыйынтыгы менен мамлекеттик кызматтарды электрондук режимде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сарпашев андан сырткары, келечекте бул борбор түрдүү мекемелерге, уюмдарга жана фонддорго мамлекеттик кызматтын бардык түрүн сапаттуу жана ыкчам көрсөтө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0