Кыргызстан жарандык берүү боюнча дүйнөлүк лидер болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСписки избирателей на выборы в Жогорку Кенеш 2015
Списки избирателей на выборы в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында жарандыгы жана документи жок 11 миңден ашуун адам аныкталган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу долбоору боюнча лидер аталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиктин төрагасы Маки Шинохаранын биргелешкен маалымат жыйынында белгилүү болду.

Шинохаранын айтымында, БУУнун жарандыгы жана документи жок адамдардын санын азайтуу боюнча долбооруна бир нече гана мамлекет тандалып алынган.

"Эки жыл аралыгында эч кандай документи жок 11 миң 323 адам аныкталып, анын 8 миң 669су паспорт менен камсыз болду. Бул жаатта Кыргызстан дүйнө боюнча биринчи орунга чыкты", — деди ал. 

Сарпашев БУУ Азия континентинен Кыргызстанды тандап алганына токтолуп, бул жаатта өтө чоң иш жасалганын кошумчалады. 

"Жарандыгы жана документи жок адамдардын санын кыскартуу боюнча иштер улана берет", — деди МКК төрагасы.

БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги иштеген топтун бардык техникасы менен жабдуусун Каттоо кызматына өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0