Шашылыш билдирүү! Өлкөдө кар жаап, катуу шамал болот

Жазылуу
Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Эртең Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы ыктымал. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Автоунаанын кышкы дөңгөлөгү - Sputnik Кыргызстан
Автоунаанын кышкы дөңгөлөгүн алдыңызбы
Ошондой эле 19-20-октябрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн —1…-3 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн —5…-10 градус суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн —8…-13 градус суук, күндүз —1…-6 градус суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын абдан төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн зыяндуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0