Жети облустагы калыңдын баасы кандай?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күз келип, күркүрөп тойлор өтүп жаткан чагы. Анын көпчүлүгү үйлөнүү үлпөтү. Мына үйлөнөм деп белсенип турган мырзаларга жети облустагы калыңдын баасын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Исмаил Мамытов. Ош шаарындагы калың алып качып кеткен кыздын окуясы коомчулуктагы башкы темага айланды. 

Маңдай тери менен тапкан акчаны алдырып койгон жигит юристтерге кайрылган. Sputnik Кыргызстан агенттигине "Импера групп" ишканасынын юристи Эмил Жапакбаев маалымдаганай, баш кошууга белсенген жаштардын ата-энеси сүйлөшүп, алардын айтканы менен 26 жаштагы бала 22 жаштагы болочок келинчегине 70 сом калың берген. Ал эми акчаны алган кыз заматта көздөн кайым кеткен. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кудалар сеп талашып, гүл салгычтын айынан соттошту
Жогорудагы жагдайдан улам, Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө дубандарында калыңдын канча экенине кызыгып көрдү. 

Калың — бул дээрлик элдин баарында колдонулуп келген салт. Анын тарыхы эне дооруна барып такалат. Ал учурда кыздар уруунун кызматын кылып, өз милдеттери болгон. Ошондуктан жумушчу күч же иш жасаган адамды алып жаткандыктан, алгач калың жалпы урууларга берилген. Кийичинчерээк заман алмашып, калың кыздын ата-энесине бериле баштаган. 

Ал эми Манас эпосунда дагы Манас баатырдын Каныкейди алышында төрт түлүк мал, жер жайнаган баалуу белектерди тартуу кылганы айтылат. 

Жүз жылда жер жаңы, элүү жылда эл жаңы демекчи, бүгүнкү күндө тогуздап калың берүү салты жоголуп бара жатат. Анткен менен айрым аймактарда аталган салтты кармангандар бар. Бирок бүгүнкү күндө негизинен акча менен бааланып эле, кээ бир жерде баш атына бир жылкы кошулат.

  • Нарын — баш атынан тышкары 100-130 миң сом;
  • Чүй — 80-100 миң сом; 
  • Ош, Жалал-Абад — 100-130 миң сом;
  • Баткен — 90-100 миң сом;
  • Ысык-Көл — 70-100 миң сом; 
  • Талас — 160-180 миң сом; 

Аталган баалар сурамжылоонун негизинде орто эсеп менен алынды. Бул баалардан ашырып же азайткан учурлар, кээде калыңсыз үйлөнгөндөр да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0