Аналогдук телеберүү кийинки жылдын май айынан тарта өчүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСыналгынын пультун кармап турган адам. Архив
Сыналгынын пультун кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын ордуна жарандар санариптик телеберүүлөргө өтүүсү керек.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Аналогдук телеберүүлөр 2017-жылдын 15-майынан тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Аталаган маселе вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева катышкан жыйын учурунда каралды. 

"Учурда санариптик телеберүүлөргө өтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө. Калктын 95 пайызы санариптик сигнал алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул көрсөткүчтү 99 пайызга жеткирүү керек. 2017-жылдын 15-майында аналогдук телеберүүлөр өчүрүлөт", — деди Кудайбердиева. 

Вице-премьер санариптик телеканалдарда маалыматтык, музыкалык, илимий каналдар ачылып, бүгүнкү күндө көрсөтүп жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0