Кыргызстандагы "Газпромдун" 50 май куюучу жайы жабылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куюп жаткан Газпром кызматкери, архив
Күйүүчү май куюп жаткан Газпром кызматкери, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана облустардагы 50 май куюучу жайын жапты, эми аймактарда болгону 46 станция иштей турган болду.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Газпром нефть Азия" компаниясынын 50 май куюучу станциясы өз ишин токтотконун аталган компанияга шилтеме берүү менен Tazabek маалымат агенттиги билдирди.

Аталган ишкананын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы жалпы инвестициянын 3 пайызын түзөт, эми бул сан бир нече эсеге кыскарышы ыктымал. 

Газ жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Газга болгон карыздын негизги бөлүгүн төлөгөндөрдүн тууму жоюлат
Жабылгандардын ордунда башка фирмалардын станциялары жайгашмакчы. Мындай чечимин россиялык компаниянын филиалы аймактарда май сатуу чыгашалуу иш экенин, чыгымдар толугу менен акталбай турганы менен түшүндүрдү. 

"Газпром" компаниясы басым Кыргызстандын "жандуу" жерлерине жасаларын белгилейт. Эми болгону 46 станция иш алып барып, анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан.

Компания берген маалымат боюнча ижарага алган ишкана жумушчу орундарды сактай турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0