Алтындын кору боюнча Кыргызстан дүйнөдө 83-орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банк чыгарган алтын куймалар. Архивдик сүрөт
Улуттук банк чыгарган алтын куймалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул рейтингде ири баалуу металлдарга ээ 100 өлкө көрсөтүлгөн. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россия жана Казакстан эң ири алтын кармоочулар деп табылды.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Октябрь айындагы Эл аралык эксперттик уюмдун аналитиктери тарабынан жүргүзүлгөн рейтингде алтындын кору боюнча Кыргызстан 83-орунга ээ болду.

Кыргызстандын желегин жиптен тартып жаткан кыз - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан атаандаштык боюнча рейтингде 138 өлкөнүн ичинен 111-орунду ээледи
Бул рейтингге ири баалуу металлдардын запасына ээ болгон 100 гана өлкө кирген. Эксперттердин маалыматына ылайык Кыргызстан бүгүнкү күндө 4,4 тонна алтынга же жалпы алтын-валюта фондусунун 9,2 пайызына ээ.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ири алтын кармоочу болуп жалпы рейтингде 6-тизмеге илинген Россия аталды (1525,1 тонна). 2-орунда 244 тонна баалуу металлы менен 21-саптагы Казакстан турат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен үчүнчү орунга Белоруссия ээ болду, ал жалпы эсептөө боюнча 48-сапта турат (40,5 тонна).

Рейтингдин лидерлери:

 

  1. АКШ —8133,5 тонна
  2. Германия — 3378,2 тонна
  3. Италия — 2451,8 тонна
  4. Франция — 2435,8 тонна
  5. Кытай — 1833,5 тонна
  6. Россия — 1526,1 тонна
  7. Швейцария — 1 040 тонна

 

Алтын боюнча Бүткүл дүйнөлүк кеңеш (World Gold Council) — негизги өндүрүшчүлөр тарабынан дүйнө жүзү боюнча суроо-талапты стимулдаштыруу максатында 1987-жылы негизделген уюм.

Бир жылда КРде алтын куймаларынын баасынын өзгөрүшүнүн Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0