Активисттер кийинки жылды Тазалык жылы деп атоону сунушташты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери, архивдик сүрөт
Тазалык ишканасынын кызматкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар бул демилгени ишке ашыруу үчүн көп деле чыгым кетпей тургандыгын айтып, шаарлар, айылдар арасында тазалык боюнча сынак жарыялоо керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 11-окт — Sputnik. "Тилектештик — Солидарность" жарандык кыймылы 2017-жылды Тазалык жылы деп атоо сунушу менен президентке кат жолдоду. 

Катта өлкө башчы ар убак тазалыкка чакырып келгендиги айтылат. 

"Биздин демилгени колдоп, 2017-жылды тазалык жылы деп белгилөөңүздү өтүнөбүз. "Таза Кыргызстан үчүн" лозунгу 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого дагы дал келет", — деп айтылат маалыматта. 

Активисттер бул демилгени ишке ашыруу үчүн көп деле чыгым кетпей тургандыгын айтып, шаарлар, айылдар арасында тазалык боюнча сынак жарыялоо керектигин белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0