Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы Кыргызстанга саякаттоонун 10 себебин жазды

© Фото / Геннадий ЗакировБелогор шаркыратмасы. Архивдик сүрөт
Белогор шаркыратмасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган макалада Кыргызстандын 10 керемети кенен баяндалган. Кененирээк төмөнкү макаладан таанышууга болот.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы "Кыргызстанды кыдырууга 10 себеп" аттуу макала жарыялады. 

Анын автору нормандиялык блоггер жана саякатчы Норман Пелеринэдж болуп саналат. 

"Кыргызстан — Орто Азиядагы эң кооз өлкө. Асман тиреген аскалары, атыр жыттуу абасы адамга өзгөчө таасир калтырат. Ал эми көк шиберлүү кооз тоолору көз жоосун алат. Өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, көптөгөн саякатчылар келе бербейт. Ошондуктан бул кереметтүү Кыргызстанды кыдырып чыгууга 10 себепти сунуштайм", — деп жазат Норман Пелеринэдж. 

Аска тиреген ак карлуу тоолор

© Фото / Геннадий ЗакировХан-Теңри аскасы
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Хан-Теңри аскасы
Кыргызстан — жер бетиндеги бейиш. Айрым жерлер Австриянын Альп тоолоруна окшоп кетет. Бирок бул тоолор эки эсе бийик, аны 10 эсе көп жаныбар байырлайт. Анан да бүт тоолор гүлгө оронгон. 

Чыңгыз хан сыяктуу эс алыңыз!

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдөгү жайлоодогу боз үйлөр
Юрты на джайлоо в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү жайлоодогу боз үйлөр
Кыргыз элинде көчмөндүк жашоо образы бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Өткөн доордун 30-жылдарында отурукташтыруу аракети жүрүп, кыргыздар бир жерди байырлап жашап калышкан. Анткен менен жай келээр замат жайлоолордо жамгырдан кийинки козу карындай болгон боз үйлөр жайнап тигилет. Боз үйлөрдө уктоо — Чыңгыз хандай болуп эс алуу дегенди түшүндүрөт. 

Ат — адамдын канаты

© Sputnik / Геннадий ЗакировЖети-Өгүздүн жайлоосу
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздүн жайлоосу
Өлкө боюнча 400 миңден ашуун жылкы бар. Бул расмий гана маалыматр. Жакшылап байкап көрсө, жылкылар адамдардан да көп болушу мүмкүн. Эң башкысы, ушул аттар менен кооз тоолорду кыдырууга болот. Эгерде эч качан ат мине элек болсоңуз кабатыр болуунун кереги жок. Анткени жергиликтүү тургундар бат эле үйрөтүшөт. 

Көз жоосун алган кооз тоолор

© Sputnik / Табылды КадырбековСказка каньону
Каньон Сказка в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Сказка каньону
Кыргызстандын 90 пайызы тоолор менен курчалган. Бул жактан деңиз деңгээлинен 7 миң метр бийиктиктеги тоолорду көрүүгө болот. Эң кызыгы алардын баары ар кыл түстө.

Кол менен жасалгандай таасир калтырган пляждар

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көлдүн пляждары
Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн пляждары
Кыргызстан бир гана кооз тоолор менен чектелген эмес. Бул жактан жомоктогудай Ысык-Көлдү кезиктирүүгө болот. Кыргыз берметине күбө болгон турист бул өлкөгө сөзсүз кайтып келет. 

Жаныбарлар дүйнөсү

© Фото / Влад УшаковКыргызстандагы илбирс
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы илбирс
Кыргызстанда 360 жаныбардын түрүн кезиктирүүгө болот. Тоолордо бүркүт менен куш байма-бай учуп жүрөт. Эгерде бийигирээк чыксаңыз, Марко Поло текелери менен илбирстерди көрөсүз. 

Өзгөчө таасир калтырган улуттук оюндар

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-бөрү боюнча мелдеш
II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Көк-бөрү боюнча мелдеш
Бул өлкөдө эң кызыктуу, ошол эле учурда кооптуу делген көк бөрү оюунун жактырышат. Бул оюнду бир гана чыныгы эрлер ойношот. 

Заманбап үлгүдөгү шаарлар

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына көрүнүш
Вид на улицы Бишкека с высоты — Байтик Баатыра, Юсупа Абдрахманова и Абдынасыра Елебесова - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарына көрүнүш
Сиздин саякатыңыз бир гана тоолор менен чектелбейт. Көчөгө чыгып заманбап шаарларга күбө болууга болот. Эгерде бир жакка барам десеңиз, бат эле жетип аласыз. 

Аз сандагы туристтер

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы жайлоо
Туризм в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Талас облусундагы жайлоо
Бул жакта туристтерди аз кезиктиресиз. Айрым учурда ири аймакта жалгыз гана сиз жүргөндөй таасир калат. 

Баалары өтө арзан

© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдүн ички көрүнүшү
Внутреннее убранство кыргызской юрты - Sputnik Кыргызстан
Боз үйдүн ички көрүнүшү
Улуттук валюта сом. 100 сом бир жарым долларга барабар. 1000 сом (15 доллар) үчүн жакшы шарты бар мейманканада эс алууга болот. Ал эми күн сайын 20 доллар гана чыгым кетет. Бул кереметтүү өлкөдө саякат жасоого өтө арзандык кылат. 

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0