АКШ элчилиги Кыргызстанда болушу мүмкүн делген терактылардан сак болууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековАКШнын Кыргызстандагы элчилиги, архивдик сурот
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, архивдик сурот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШнын КРдеги элчилиги Кыргызстанда жүргөн америкалык жарандарды теракт кооптуулугунан улам сак болууга чакырган билдирүү таратты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды. 

Элчилик аталган билдирүүнү ишемби күнү кечинде таратты. Дипломаттар Кыргызстанда жашаган же учурда өлкө аймагында жүргөн америкалык жарандарды сак болууга чакырды.

"Дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстанда октябрь айында бийликке жана чет элдик дипломаттарга каршы террористтик чабуул боло тургандыгы боюнча маалымат алды", — деп айтылат элчилик тараткан кабарда.

Автомат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
УКМК кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган куралчан адамдардын видеосун иликтөөгө алды
Консулдук бөлүм америкалык жарандарга эл көп чогулган жерден алыс болуп, митингдер маалында сак болууга үндөйт. Мындан тышкары, жаңылыктарга байма бай көз салып, укук коргоо органдарынын айтканы менен болууну өтүнөт.

Элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Турат Макенбаев мындай кабар чынында эле эдлчиликтин кызматкерлери тарабынан жарыяланганын тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0