Кресло, намазкана жана компьютер: Жогорку Кеңеш кандай белектерди алган?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештеги депутаттын жумуш орду, архивдик сүрөт
Жогорку кеңештеги депутаттын жумуш орду, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеэештин демөөрчүлөр тарабынан жаңы креслолорго ээ болушу кызуу талкуу жаратты. Аталган кереслолорду ким белек кылды? ЖК дагы кандай белектерди алган? Ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

БИШКЕК, 8-окт. – Sputnik. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн жаңы креслолор сатып алынганы белгилүү болду. Аталган креслодо эл өкүлдөрү эки айдан бери отурушат. Парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев аталган креслолор демөөчүлөр тарабынан келгенин баса белгиледи. 

Эске сала кетсек, былтыркы жылы депутаттар үчүн 2,6 миллион сомго кресло сатып алынат экен деген маалымат чыгары менен коомчулукта катуу талкуу болуп, демилгенин деми сууган. 

"Креслолорду демөөрчүлөр сатып беришти. Мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын кеткен жок. Ал эми эскилерин ЖК кызматкерлерине таратып бердик. Демөөрчү тууралуу маалымат бере албайм", — деди Кутушев.

Ал буга чейин ЖКга келген компьютерлерди БУУ, ал эми Ак үйдөгү көзөмөл системасын ЖККУ сатып бергенин кошумчалады. 

Анткен менен жакында эле кай бир депутаттар компьютерлери жакшы иштебей жатканын айтып чыккан. 

"Учурда жаңы компьютерлерди сатып алуу үчүн донорлор менен сүйлөшүп жатабыз. Ниетибиз ишке ашып калса, эскилерин жергиликтүү башкаруу органдарына беребиз. Биз буга чейин деле донорлордон жардам алып келгенбиз. Эмне үчүн креслого мынчалык кызыгып жатканыңарды түшүнбөй турам", — деди Кутушев. 

Swarovski таштары менен кооздолгон кол саат, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бажычылар Сваровски таштары чөгөрүлгөн саат сатып алуудан баш тартты
Чындыгында ЖК буга чейин да бир канча донорлордон каражат алып келген. 2015-жылы 14 миллион сомго курулган намазкана да демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашкан. 

Анткен менен укук коргоочу Динара Ошурахунова демөөрчүнүн атын жашыруу туура эмес деген пикирде. 

"Жогорку Кеңеш демөөрчүлөр тууралуу кеңири маалымат бериши керек. Антпесе ар кыл бүдөмүк ойлорду жаратат. Мамлекеттик орган болгон соң ачык-айкын иштеши керек да. Кайрымдуулук ишин жашырса болот", — деди Ошурахунова. 

Ал эми адвокат Владимир Плужник мыйзам боюнча юридикалык жак белек ала албай турганын билдирди. 

"Кресло тууралуу айта турган болсок, конкреттүү түрдө келишим түзүшү керек. Жарандык кодексте юридикалык жактар белек ала албайт деген жери бар. Демек келишим жок болсо, анда мыйзамсыз болуп калат", — деди юрист. 

Плужник эгерде физикалык жак ЖКга креслолорду белек кылган болсо, анда пара катары эсептелиши мүмкүн экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0