Жол азабынан улам ашуулардын түбүнө намазкана куруу демилгеси көтөрүлүүдө

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМусулман намаз кезинде. Архив
Мусулман намаз кезинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи жолоочу менен айдоочулар токтой турган жай намазкана болбосо, аракканага айланып кетет деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Коомчулук тарабынан Кыргызстандагы бийик ашууларда ары-бери каттам учурунда тейлөө шарттарын жакшыртуу максатында мамлекеттик органдан сырткары, ыктыярчыларды тартып, жолго намазкана куруу демилгеси сунушталууда. 

Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Депутат: азан айтуу айылдыктардын уйкусун бузууда
Бул туурасында эркин журналист, коомдук активист Семетей Талас уулу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Ал кышында өзгөчө Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел сыяктуу ашууларда жол каттамы кыйындаарын айтып, андан чыгуу жолун сунуштаган. Ашуулардын эки бетиндеги өйдөгө көтөрүлгөн жерлерде жолоочулар токтоп, эс алып кете турган намазкана куруп, ага күндүн энергиясы менен иштеген электр жарыгын орнотуу керек деген пикирде.

"Мындай жайларды кышында машакаты көп Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел сыяктуу ашуулардын түбүнө салуу керек. Себеби, кыш күрөөдө автоунаалар чыга албай, токтоп, тоңуп калып, же жол тыгын болгон учурлар көп", — деди Талас уулу.

Ал өзү көп каттап жүргөн Бишкек — Торугарт жолундагы Долон ашуусун мисал келтирди.

Кылкылдап тизилген эл. Эски аянттагы айт намаз - Sputnik Кыргызстан
Кылкылдап тизилген эл. Эски аянттагы айт намаз
"Долондун жаңы жолу асфальт болгондуктан, кар жааганда дароо муз тоңот да, унаалар болуп көрбөгөндөй тайгаланат. Жол тыгын жаралат, өргө чыгып баратып өчүп калган автоунаалар кездешет. Мындай учур өзгөчө аял кишилерге, балдарга кыйын. Ошондой учурларда намазканага киргизип, жылуу кармап туруп, машинасы оңдолгон соң андан ары кете берет. Намазканалардын четине көмүркана салуу керек. Ошондой эле 15тей күрөк коюп, жолчулар качан келет деп отура бербей жолго өзүбүз топурак чачсак деле болот да", — дейт ал.

Эмне үчүн намазкана деген суроого ал төмөнкүчө жооп берди.

"Намазкана дегенде адамдар башкача карайт, болбосо ал жер аракканага айланып кетет. Таза да кармап, жоопкерчиликтүү мамиле жасаганга аракет кылышат деген ой менен сунушталып жатат",— деди демилгечи.

Ал Долон аймагы Нарын облусуна карагандыктан, өкмөттүн аталган облус боюнча өкүлчүлүгүнө кайрылып, маселени чечүү жагын сүйлөшүү каралып жатканын белгиледи.

Демилгечи бул жайларды салууга ишкерлерди тартуу ыңгайлуу болуп тургандыгын, ага анча көп каражат кетпейт деген пикирин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0