ЖККУнун Балыкчыдагы машыгууларында аскердик куралдын бардыгы колдонулат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМи-8 АМТШ "Терминатор" тик учагынын архивдик сүрөтү
Ми-8 АМТШ Терминатор тик учагынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тик учактарга башкарылган жана башкарылбай турчу ракеталар орнотулган. Ошондой эле түрдүү ок атуучу куралдар бар.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ми-8 АМТШ "Терминатор" тик учактарынын бардык мүмкүнчүлүгү Ала-Тоо тоо кыркаларында болуп жаткан машыгууларда толугу менен колдонуларын РИА Новости агенттиги Аскердик округдун расмий өкүлү полковник Ярослав Рощупкинге шилтеме берип билдирди.

4-7-октябрда Ысык-Көл облусунун "Эдельвейс" полигонунда жамааттык күчтөрдүн тактикалык машыгуулары өтүп жатат. Жума күнү иш-чаранын негизги бөлүмү башталды.

"Россиялык учкучтар Ми-8 АМТШ учактарынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот. Ага башкарылган жана башкарылбай турчу ракеталар орнотулган", — деди Рощупкин.

ЖККУнун аскер күчтөрү терроризмге каршы күрөш баштады - Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун аскер күчтөрү терроризмге каршы "күрөш" баштады
Буга чейин Ми-8 жана Ми-24 тик учактары Борбордук аскер округунун "Кант" жана "Толмачев" авиабазаларынан машыгуулар үчүн учуп келген.

Машыгууларга Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын миңдеген аскерлери, 200 зооттолгон техника, 20дай учак жана тик учактар катышат. "Эдельвейс" полигонундагы практикалык машыгуулар 7-октябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0