КР жарандарынын саны 500гө көбөйдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранынын паспорту. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан менен Өзбекстандын мурдагы жарандары Кыргызстандын жарандыгын алышты.

БИШКЕК, 5-окт. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев беш жарлыкка кол койду. Анын төртөө Кыргызстандын жарандыгын берүү болсо, бирөө жарандыкты алуу боюнча экендигин өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бир жылдан кийин 2,5 млн. ID карта биометрикалык паспортко алмаштырылат
Аталган төрт жарлыкка ылайык, 668 жаран Кыргызстандын жарандыгын алышты. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандын жараны болуп келген этникалык кыргыздар болуп эсептелет. 

Жаңы жарандардын арасында Кыргызстанга отурукташып калган Кытай менен Украинанын жарандары дагы бар. 

Ал эми бешинчи жарлыкка ылайык президент 114 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыккандыгын бекитти.

Жаңылыктар түрмөгү
0