Санэпидкөзөмөл медициналык 63 жайды убактылуу жапты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жарым жылдыкта саламаттыкты сактоо тармагындагы жеке жана мамлекеттик объектилерге 2 миңге чукул текшерүү жасалган. Тагыраагы, жабдуулар жана медициналык куралдардын таза жана таза эместиги текшерилген.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 2016-жылдын I жарым жылдыгында ден соолук тармагындагы 63 объекти убактылуу жабылган. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик жана жеке жайларга 2 миңге чукул пландык текшерүүлөрдү жасаган.

"Кетирилген кемчиликтер боюнча санитардык 805 эскертүү берилип, 63 жай жабылып, жоопкерчилик артылган 472 адамга айып пул салынган",— деп айтылат маалыматта.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мүйүздүү болом деп кулактан айрылабызбы же санитардык көзөмөлдү азайтуу эмнеге алып келет
2016-жылдын тогуз айынын ичинде аталган министрликке жеке медициналык борборлордун үстүнөн 19 арыз келип түшкөн. Жыйынтыгында, юридикалык эки тараптын иши укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.

Мындан сырткары Кыргызстандын аймагында катталганбаган жана сертификат берилбеген дарыларды саткандыгы үчүн жыл башынан тарта 166,5 миң сомдук айып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0