Президент Алмазбек Атамбаев аман-эсен Бишкекке учуп келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева "Манас" аэропортунда
Президент Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева Манас аэропортунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысын "Манас" аэропортунан президенттик аппараттын кызматкерлери тосуп алды.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке конду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигине президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Атамбаев 13 күндөн соң мекенине кайтты. Ажону биринчи айым коштоп келди - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев 13 күндөн соң мекенине кайтты. Ажону биринчи айым коштоп келди
Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан.  

Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны Тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашкан. Ал эми 23-сентябрда өлкө башчысы ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген болчу.

Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны Тез жардам алып кеткен.

Интернет айдыңына тараган Атамбаевди Стамбулдагы аэропорттон медициналык замбилге салып, Тез жардам кызматынын унаасы ооруканага шашылыш түрдө алып кеткен видоесун Кыргызстандыктардын бир селт эттирген.

Андан кийин ажонун Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине токтогону айтылган. Ал арада кыргыз коомчулугунда мейманкана баасы туурасында ал кыл кептер тараган. Мындай кеп сөздөн соң президенттик аппараттан Атамбаев Түркиядагы чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп жатканын билдирген.

Sputnik Кыргызстан ал арада Ажо Атамбаевдин буга чейин ооруган учурларын, жасалган операцияларын тизмектеп чыкты.

23-сентябрда президент Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарына россиялык адистердин сунушу жана чакыруусу менен келгени билдирген. Маалыматта өлкө башчы сентябрдын аягына чейин эмгек өргүүсүн алгандыгын кабарлашкан.

Ал арада Казакстан, Кытайдын, Россия лидерлери кыргыз президентинин айыгып кетишин каалап, зарыл болсо деп жардамын сунушташкан.

Байкерлер жүрүш учурунда, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Байкерлер Атамбаевди колдоп Бишкекти кыдырып чыгышты
Ал эми Москвадагы мекендештерибиз Алмазбек Атамбаевдин абалына кабатырланганып жаткандыктарын билдиришкен

27-мартта Атамбаевдин жүрөгү аритмия дартына чалдыкканы белгилүү болгон.  Кыргызстандын башкы аритмологу президент кандай дартка чалдыкканын айтып берди. Бүгүн Москва шаарында Россиядагы КРдин элчилигинен Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан чыгаруу үчүн тиешелүү документтер даярдалып жаткандыгын билдиришкен.

Ошентип, 13 күндөн кийин президент Атамбаев мекенине аман-эсен кайтып келип,  Бишкек шаарындагы "Манас" аба майданына келип конду.

Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып, кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0