Бир жылдан кийин 2,5 млн. ID карта биометрикалык паспортко алмаштырылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранын паспорту, архивдик сүрөт
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматы жергиликтүү бийлик, район, облус администрациялары жана мэриялар менен тыгыз иш алып бара турганын белгиледи.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кийинки жылдын 1-октябрына карата 2,5 миллион ID карта электрондук биометрикалык паспортко алмаштырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев мекемеде өткөн жолугушуу учурунда айтты.

Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эски үлгүдөгү паспорттор сентябрдан тарта жараксыз болушу мүмкүн
Маалыматка ылайык, жыйында өкмөт аппаратынын өкүлдөрү менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору катышып, электрондук идентификациялык карталарды киргизүү маселеси талкууланды.

Сарпашевдин айтымында, жыл аягына чейин даярдык иштердин баары соңуна чыгат.

"Кийинки жылдын 1-октябрына чейин 2,5 миллионго чукул ID карталарды биометрикалык паспортко алмаштыруу пландалып жатат. Негизги иш жаңы жылдан тарта башталат. Албетте, мындай кыска аралыкта муну иш жүзүнө ашырууга мүмкүн эмес дегендер да чыгат, бирок биометрикалык маалымат чогултуу жараяны бизге чоң тажрыйба берди", — деди жетекчи.

Сарпашев аталган жаатта Каттоо кызматы жергиликтүү бийлик, район, облус администрациялары жана мэриялар менен тыгыз иш алып бара турганын белгиледи.

Жаңы биометрикалык паспорттун кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0