Алтай Бөрүбаев: биздин өлкөдө илим Казакстанга караганда 30 эсе аз каржыланат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук илимдер академиясынын имаратынын архивдик сүрөтү
Улуттук илимдер академиясынын имаратынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти учурда илимге керектүү көңүл бурулбай жатканын айтып нааразы болду.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Биздин өлкөдө илим Казакстанга караганда 30 эсе аз каржыланат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште Улуттук илимдер академиясы (УИА) тууралуу мыйзам долбоору каралып, Бөрүбаев аталган мекеме тууралуу маалымат берди. 

"Улуттук илимдер академиясы Сталиндин буйругу менен согуш жылдары негизделген. Канчалык кыйын болгонуна карабастан илимге басым жасалган. Ал эми бүгүнкү 21-кылымда илим эң төмөн каржыланган тармак болуп калды. Учурда Кыргызстанда илим Казакстанга караганда 30 эсе, Тажикстанга караганда 10 эсеге аз каржыланат", — деди Бөрүбаев. 

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0