Кыргызстан атаандаштык боюнча рейтингде 138 өлкөнүн ичинен 111-орунду ээледи

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин жиптен тартып жаткан кыз
Кыргызстандын желегин жиптен тартып жаткан кыз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдык рейтингди түзүүчүлөр Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн негизги тоскоолдуктары катары коррупцияны, инфляцияны, салык ченемдерин жана саясий туруксуздукту эсептеген.

БИШКЕК, 28 сен — Sputnik. Кыргызстан 2016-2017-жылдар үчүн глобалдык атаандаштык боюнча жыл сайын жарыялана турган рейтингде 9 сапка ылдыйлады. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форумдун сайтында маалымдалды. 

Кыргызстан 138 өлкөнүн ичинен 111-позицияны ээлеген. Андан ылдыйкы позицияда Египет (116-орун), Парагвай (118-орун) жана Мадагаскар (130-орун) турат. 

Кыргызстан атаандаштык индексин 3,80 шкаласынан 3,70 шкаласына чейин жоготкон, бул көрсөткүчтө — 7 балл эң жогорку чек болуп эсептелет.

Марафончулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ден соолук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 113-орунда турат
Отчеттогу маалыматка караганда Кыргызстанда бизнес жүргүзүүдөгү негизги тоскоолдуктар — коррупция, инфляция, салык ченемдери жана саясий туруксуздук болуп эсептелет.

Рейтинг түзүүдө Дүйнөлүк экономикалык форумдун кызматкерлери жүздөн ашык көрсөткүчтөрдү, анын ичинде товар жана эмгек базарынын натыйжалуулугун, инфраструктураны, билим берүү жана саламаттык сактоонун сапатын, өлкөдөгү макроэкономикалык жагдайды, инновацияларды анализдеп чыгышат. 

Рейтингде сегизинчи жолу катары менен Швейцария биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда Сингапур турат. Үчтүктү АКШ жыйынтыктайт. Эң эле начар көрсөткүчтөргө Чад, Мавритания жана Йемен ээ болуп, тизменин эң төмөнкү сабында калышты. 

КМШ мамлекеттеринин арасында 138 өлкөнүн арасында 37-орунду ээлөө менен Азербайжан алдыңкы катарда турат. Кийинки катарда өзүнүн рейтингдеги ордун эки позицияга жакшыртуу менен Россия чыгып, 43-орунду ээлеген. 53-орунга чыгуу менен Казакстан 11 позициясын жоготуп, КМШ мамлекеттеринин арасындагы үчтүктү толуктады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0