Ден соолук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 113-орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековМарафончулардын архивдик сүрөтү
Марафончулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингде Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан биринчи орунду ээледи.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан медицина, ден соолук жана жашоого байланыштуу туруктуу өнүгүү индикатору боюнча дүйнөлүк рейтингде 113-орунду ээледи. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан The Lancet медициналык журналына таянып жазып чыкты.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты өлкө тизмесинде Кыргызстан Казакстан менен Иранды артка таштады
Рейтинг 33 көрсөткүч боюнча түзүлүп, анын ар бири 0дөн баштап 100гө чейин бааланган. Мында тизме ашыкча салмак, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, жаш балдардын жана ымыркайлардын өлүмү, жол кырсыгынан айынан болгон өлүм, ВИЧ оорусу, кургак учук, гепатит В оорулары жана өзүнө өзү кол салуунун саны жана башка көрсөткүчтөр боюнча түзүлгөн.

Мындан тышкары серепчилер бул иликтөөдө аскердик аракеттерден жана зордук-зомбулуктан өлкөндөрдү да эске алышкан. 

Эсептөөдө 1990-жылдан баштап, 2015-жылга чейинки өлкөдөгү жагдай талданган. 

Рейтингде Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарынан артта калган. Өзбекстан 55-орунду ээлесе, Түркмөнстан 60, Казакстан 85, Тажикстан 99, ал эми Кыргызстан 113-орунду ээлеген.

Биринчи орунду бул рейтингде Исландия алган. Биринчи бештикке мындан тышкары Сингапур, Швеция, Андорра жана Улуу Британия кирген. Жалпысынан иликтөөгө 188 өлкө катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0