Милиция кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери жоюлбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн социалдык кепилдиктер сакталат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Укук коргоо орган кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери жоюлбай турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттө укук коргоо органдарынын уюштуруу жана штаттык курамын иштеп чыкчу жумушчу топ түзүлгөн. 

Ал укук коргоо органдарынын ишмердигин жөнгө салчу укуктук-ченемдик актыларды да иштеп чыгат. Анда кызматкерлердин кызмат өтөө тартиби, алардын социалдык кепилдиктери, ошондой эле ИИМде түзүлчү жаңы кызматтар боюнча жоболор да камтылган.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук-ченемдик актылардын долбоорлору азыркы таптагы социалдык кепилдиктерди жоюп же начарлатпайт. Бул долбоорлор кызматка алуу, атайын наамдарды алуу, кызматтык өсүш жана башка абалдар боюнча гана тартиптерди камтыйт. Пенсияга чыгууга керектелчү кызмат мөөнөтү өзгөрүүсүз калат", — деп айтылат билдирүүдө.

Запаска жана отставкага чыгуу боюнча жаш курагы да өзгөрүүсүз калып, укук коргоо органдарынын маяна жана акчалай көмөк өлчөмдөрү да төмөндөтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0