Кыргызстандын ар бир облусу өсүмдүктөрдүн түрүнө ыңгайлаштырылат

Жазылуу
2017-жылы Кыргызстандагы жалпы айдоо аянты 1197,2 миң гектарга чейин көбөйөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактарды айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн өстүрүүгө адистештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Россиянын Федералдык бажы кызматы КРдин айыл чарба министрлигине берген NIVA Shevrolet унаалары - Sputnik Кыргызстан
Россиянын бажы кызматы КРдин айыл чарба министрлигине автоунаа берди
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев келерки жылы өлкөнүн аймактарын өсүмдүктөрдүн түрүнө ыңгайлаштыруу боюнча жасала турган иштер тууралуу маалымат берди.

Бекбоев мындай иш өлкөдө алгач ирет жүргүзүлүп жатканын жана аны ийгиликтүү ишке ашырууда 2017-жылы жалпы айдоо аянты 1197,2 миң гектарга чейин көбөйөрүн айтты.

Ал эми өкмөт башчы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу менен катар атамекендик дыйкандар алдында жаңы мүмкүндүктөр гана эмес, жаңы талаптар да пайда болгонун белгиледи.

"Буга байланыштуу биздин продукция эл аралык стандарттарга жооп берип, экспортко чыгууга тийиш. Аталган иш абдан маанилүү, анткени айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрүн өстүрүүнү райондоштуруу ар бир аймактын агрардык мүмкүндүгүн кеңейтүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деди Сооронбай Жээнбеков.

Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев айыл чарба продукциясына карата баанын өткөн жылга салыштырмалуу жогорку болушу атамекендик фермерлер үчүн шык берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0