Өкмөт ипотекалык насыянын үстөгүн азайтты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТурак жай. Архив
Турак жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин насыя алууну каалагандар үчүн үстөк жылына 12-14 пайызды түзүп келген.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын алкагында берилүүчү ипотекалык насыянын үстөгү 10 пайызга чейин төмөндөй турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн токтомуна кол коюп, ага ылайык, насыя алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Токтом боюнча талап кылынган документердин саны кыскарып, кепилдик берүүчү адамдын болуу шарты алып салынды. Мындан тышкары, кошумча күрөө коюлган учурда займчы насыяны алгачкы төлөмсүз алуусуна жол ачылды.

"Насыячылардын санын көбөйтүү максатында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасына 3,3 миллиард сом көлөмүндөгү бюджеттик ссуда берүү чечими кабыл алынган. Аталган сумма орточо эсеп менен алганда 3 миңден ашуун жаранга ипотекалык насыя алууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетүүчү нерсе, акционердик коомго берилүүчү бюджеттик ссуданын жылдык үстөгү 5 пайыздан 3 пайызга дейре төмөндөтүлөт. Учурда ипотекалык насыя алуучулар үчүн жылдык үстөктү 12-14 пайыздан 10 пайызга чейин төмөндөтүү жөнүндө буйруктун долбоору министрлик жана ведомстволордо макулдашуу процедурасынан өтүүдө.

Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай болору тууралуу эксперттердин божомолун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0