Унаа салыгын төлөбөгөндөрдүн бети ачылат

Жазылуу
Айдоочунун салык төлөгөнүн тастыктаган чаптамасы болсо, алар ашыкча токтотулбайт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында Кайгуул милициясы менен рейдге чыгат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда айдоочунун салык төлөгөндүгүн тастыктаган чаптамасы болсо, алар ашыкча токтотулбайт.

"Салыкты төлөп, бирок унаасында чаптамасы жок айдоочулар жанына салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны ала жүрүүсү сунушталат", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда төлөм жыйноо улантылып жатат. Болгону мөөнөтүнөн кийин төлөгөндөргө негизги суммадан тышкары эки миң сом административдик айып менен ар бир күнгө туумду кошуп төлөө милдеттендирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0